Редакцияот 10.05.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

XXVIII чакырылыштын 13 (кезектүү) сессиясы 

 

 

2023-жылдын 10-майы  № 18

 

 

№254 контурдагы жайгашкан "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясындагы "Жайыт" категориясынан "Транспорт, өнөр жай, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер" категориясына жер участогун которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө

Гавриловка  айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча адиси М.М.Кашаповдун  Гавриловка айыл аймагынын Романовка айылында жайгашкан жалпы аянты 0,2 га №254 контурунда жайгашкан "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясындагы "Жайыт" категориясынан "Транспорт, өнөр жай, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер" категориясына  Жер Кодексинин 11 жана 13-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын, ошондой эле 2014-жылдын 19-мартындагы №169 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө убактылуу жобого” ылайык, Гавриловка айыл аймагына социалдык багыттагы объектти куруу максатында, Жер участогун өткөрүп берүү (трансформациялоо) жөнүндө маалыматын угуп  жана талкуулап, Гавриловка  айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.            Гавриловка айыл аймагынын Романовка айылында №254 контурда  жайгашкан жалпы аянты 0,2 га "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясындагы "Жайыт" категориясынан "Транспорт, өнөр жай, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер" категориясына социалдык багыттагы объектти куруу үчүн жер участокторун которууга (трансформациялоо)  макулдук берилсин.

2.            Сокулук райондук мамлекеттик администрациясына жер которуу боюнча материалдарды кароо өтүнүчү жиберилсин.

3.            Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гавриловка айылдык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, архитектура, айыл чарба, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жана Гавриловка айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

А.Т. Ибраимов