Редакцияот 15.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Буура айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын

кезектеги XXXII сессиясы

 

2024-жылдын 15-февралы № 44

 

Кызыл-Адыр айылында орнотулган ЛЭД экранга

 жарнама берүү баасын бекитүү жөнүндө

 

Кызыл-Адыр айылында орнотулган ЛЭД экранга жарнама берүүнүн баасын бекитип берүү боюнча айыл өкмөт башчысынын сунушун Кара-Буура айылдык аймагынын кеңешинин сессиясында карап чыгып, Кара-Буура айылдык аймагынын кеңеши;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. ЛЭД экрандын жарнама акысы 2024-жылдын 31-декабрына чейин айына 3.0 (үч миң) сом өлчөмүндө бекитилсин.

2. Токтомдун аткарылышын Кара-Буура айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Стамкуловго тапшырылсын.

3. Токтомду көзөмөлдөө жагын “Бюджет,экономика жана инвестиция тартуу боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Култаевге тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

М.А.Джумагулов.