Редакцияот 15.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Буура айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын

кезектеги XXXII сессиясы

 

2024-жылдын 15-февралы № 45

 

“Асыл” спорт комплексте өткөрүлүүчү иш чаралардын

төлөмүн (тарифин) бекитүү жөнүндө

 

“Асыл” спорт комплексте өткөрүлүүчү иш чаралардын төлөмүн (тарифин) бекитүү жөнүндө “Асыл” спорт комплексинин директору А.Чаргыновдун сунушун Кара-Буура айылдык аймактык кеңешинин сессиясында талкуулап, Кара-Буура айылдык аймактык кеңеши;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. 2024-жылдын 31-декабрына чейин спорттук турнир өткөрүүгө күнүнө 10 000 (он) миң сом, чоңдор үчүн оюндар бир саатына 500 (беш жүз) сом болуп бекитилсин.

2. Токтомдун аткарылышын Кара-Буура айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Стамкуловго тапшырылсын.

3. Токтомду көзөмөлдөө жагын “Бюджет,экономика жана инвестиция тартуу боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Култаевге тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

М.А.Джумагулов.