Редакцияот 21.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Н.Исанов атындагы айылдык кеңешинин № 7 чакырылышынын кезектеги 35-отуруму (сессиясы)

2023-жылдын 21-январы № 35-9

2022-жылдын 30-июлундагы 32-отурумдун №32-4 токтомуна өзгөртүү киргизүү  жөнүндө 

Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин “Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн  Жаңы-Базар айылында жайгашкан “”Достук” көчөсүндөгү М.Карабаевден, К.Осмоналиевге чейин Улуу Ата Мекендик согущтун катышуучусу жана эмгектин ардагери Эшматов Кубаталинин ысымын берүү жөнүндөгү”  2022-жылдын 30-июлундагы 32-отурумдун №32-4 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү билдирүүгө негиз,  айылдык кеңештин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп, талкуулап,  Н.Исанов атындагы айылдык  Кеңеши

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин “Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн  Жаңы-Базар айылында жайгашкан ”Достук” көчөсүндөгү М.Карабаевден, К.Осмоналиевге чейин Улуу Ата Мекендик согущтун катышуучусу жана эмгектин ардагери Эшматов Кубаталинин ысымын берүү жөнүндөгү”  2022-жылдын 30-июлундагы 32-отурумдун №32-4 токтомуна өзгөртүү киргизилсин.

2. “Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Жаңы-Базар айылында жайгашкан ”Достук” көчөсүндөгү М.Карабаевден, К.Осмоналиевге чейин Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу жана эмгектин ардагери Эшматов Кубаталинин ысымын берүү жөнүндөгү”  2022-жылдын 30-июлундагы 32-отурумдун №32-4 токтомунун 1-пунктундагы “Эшматов Кубаталинин ысымын ыйгарууга макулдук берилсин” деген сөздүн ордуна “Достук көчөсүнүн  Карабаев Мамадалиден Осмоналиев Кубаталиге чейин Эшматов Кубаталинин ысымына өзгөртүлсүн” деген сөздөр менен ашмашылсын .

3. Бул токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы Н.Исанов атындагы айылдык  Кеңешинин айыл чарба жана жерге жайгаштыруу, экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Жолдошовго жүктөлсүн.

Төрага:

 Н. Жолдошов