Редакцияот 29.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Терек – Сай айылдык Кеңешинин IХ чакырылышынын кезектеги XXXXV сессиясынын

2024-жыл 29-январы №503

 

“Ак-Терек айылында жайгашкан мазардын аянтын чонойтуу жөнүндө”

 

Ак-Терек айылынын тургундарынын айылдагы мазар толуп калгандыгына байланыштуу аянтын кеңейтүү зарылчылыгы жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү XXXXV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.     Ак-Терек айылында жайгашкан мазар толуп калгандыгына байланыштуу аянтын кеңейтүү зарылчылыгы үчүн 44 500 (кырк төрт миң беш жүз) сом акча каражаты 01.01.2024-жылга иштетилбей калган калдыктын эсебинен жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин

2.     Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн.

3.     .Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Терек-Сай айылдык кеңешинин

төрагасы:

 

 

Тойчуев М.С.