Редакцияот 29.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Терек – Сай айылдык Кеңешинин IХ чакырылышынын кезектеги XXXXV сессиясынын

2024-жыл 29-январы №504

 

“Бишкек шаарында кыздар арасында өткөрүлүүчү волейбол оюну боюнча улуттук лигасына баруучуларга акча каражатын карап берүү жөнүндө”

 

Болуш айылындагы спорт залдын тренери Ж.Ташболотовдун 5-11-февралда Бишкек шаарында кыздар арасында өткөрүлүүчү волейбол оюнунун улуттук лигасына барып келүүгө Коконова Нускайым менен Алишерова Баянга транспортук чыгымы үчүн акча каражатын карап берүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү XXXXV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. 5-11-февралда Бишкек шаарында кыздар арасында өткөрүлүүчү волейбол оюунунун улуттук лигасына барып келүүгө Коконова Нускайым менен Алишерова Баянга транспортук чыгымы үчүн 25 000 (жыйырма беш миң) сом   акча каражаты 01.01.2024-жылга иштетилбей калган калдыктын эсебинен жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин
  2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн.
  3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

 

Терек-Сай айылдык кеңешинин

төрагасы:

 

 

Тойчуев М.С.