ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек – Сай айылдык Кеңешинин IХ чакырылышынын кезектеги XXXXV сессиясынын
2024-жыл 29-январы №505
“Болуш айылындагы машыгуучу залга жетишсиз болгон инвентарларды алып берүү жөнүндө”
Болуш айылындагы машыгуучу залга жетишсиз болгн инвентарларды алып берүү зарылчылыгы жөнүндөгү залдын тренери Ж.Ташболотовдун кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү XXXXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Болуш айылындагы машыгуучу залга жетишсиз болгон инвентарларды алып берүү үчүн 270 740 (эки жүз жетимиш миң жети жүз кырк) сом акча каражаты 01.01.2024-жылга иштетилбей калган калдыктын эсебинен жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн.
- .Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Терек-Сай айылдык кеңешинин төрагасы: |
Тойчуев М.С. |