ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек – Сай айылдык Кеңешинин IХ чакырылышынын кезектеги XXXXV сессиясынын
2024-жыл 29-январы №507
“Б.Камчыбеков атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебине жаңы актовый зал куруу үчүн каражат карап берүү жөнүндө”
Б.Камчыбеков атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин эски имаратынын ордуна жаңы актовый зал куруу зарылчылыгы жөнүндөгү мектептин жамаатынын кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү XXXXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Б.Камчыбеков атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин эски имаратынын ордуна актовый зал куруу зарылчылыгына байланыштуу актовый залды куруу үчүн керектүү иш кагаздарын даярдоого (АПУ, смета, проект, ж.б.) 400 000 (төрт жүз миң) сом акча каражаты 01.01.2024-жылга иштетилбей калган калдыктын эсебинен жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин
- Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Терек-Сай айылдык кеңешинин төрагасы: |
Тойчуев М.С. |