Редакцияот 29.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Терек – Сай айылдык Кеңешинин IХ чакырылышынын кезектеги XXXXV сессиясынын

2024-жыл 29-январы №510

 

“Терек-Сай айыл аймагына караштуу жалпы орто билим берүүчү мектептердеги бүтүрүүчү класстын окуучуларын жалпы республикалык тестирлөөгө даярдоого каражат карап берүү жөнүндө”

Терек-Сай айыл аймагына караштуу жалпы орто билим берүүчү мектептердеги бүтүрүүчү класстардын окучуларын жалпы республикалык тестирлөөгө даярдоо үчүн Ош шаарынан келип окуткан мугалимдерге кызмат акысын карап берүү жөнүндөгү Терек-Сай айыл аймагынын башчысы Б.Ашырбаевдин кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү XXXXV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу жалпы орто билим берүүчү мектептердеги бүтүрүүчү класстардын окучуларын жалпы республикалык тестирлөөгө даярдоо үчүн Ош шаарынан келип окуткан мугалимдердин кызмат акысына 129 000 (бир жүз жыйырма тогуз миң) сом  акча каражаты 01.01.2024-жылга иштетилбей калган калдыктын эсебинен жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.

2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

.

 

 

Терек-Сай айылдык кеңешинин

төрагасы:

 

 

Тойчуев М.С.