Редакцияот 30.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-КОРГОН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

28-чакырылыштагы Ак-Коргон айылдык Кеңешинин кезектеги 13-сессиясынын

 

2023-жылдын 30-январындагы № 13-15

 

“Кыргыз Эко Экспорт” жоопкерчилиги чектелген коомунун башчысы Максымбеков Улан Абдыкааровичтин кайрылуусу жөнүндө

“Кыргыз Эко Экспорт” жоопкерчилиги чектелген коомунун Ак-Коргон айыл аймагынын Баястан айылындагы “Кызыл Кол” участкасындагы эл аралык Кыргыз-Өзбек “Бай Талаа индустриалдык соода-логистика борборун” башчысы У.Максымбековдун жазган арызын талкуулап, айыл аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана инвестиция тартуу максатында Ак-Коргон айыл Кеңешинин 28-чакырылышынын кезектеги 13- сессиясы

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1. “Кыргыз Эко Экспорт” жоопкерчилиги чектелген коомунун Ак-Коргон айыл аймагынын Баястан айылындагы “Кызыл Кол” участкасындагы эл аралык Кыргыз-Өзбек “Бай Талаа индустриалдык соода-логистика борборун” башчысы У.Максымбековдун кайрылуусу боюнча 20 га жерди ижарага берүүнү сурап жазган кайрылуусу кезектеги айылдык кеңештин сессиясында кароо үчүн калтырылсын.

 

2. Баястан айылындагы “Кызыл Кол” участкасынан К-434 контурунан таштуу жайыт-4 га, К-425 контурунан таштуу жайыт-4,10 га, К-429 контурунан кайракы айдоо-5,50 га, К-428 контурунан агород-2,30 га, К-431 контурунан жүзүм бак-2,30 га, К-433 контурунан жүзүм бак-2,70 га, К-435 контурунан кайракы айдоо-2 га, К-436 контурунан кайракы айдоо-2,90 га, К-438 контурунан таштуу жайыт-10,10 га, К-439 контурунан кайракы айдоо-5,40 га, К-430 контурунан таштуу жайыт-5,40 га, К-440 контурунан кайракы айдоо-1,60 га, жалпы 48,30 га жер кошумча инвестиция тартуу максатында трансформациядан чыгаруу үчүн макулдук берилсин.

 

3. Токтомго тиешелүү документтерди тактап берүүнү айыл өкмөтүнөн суралсын.

 

4. Токтом Akkorgon.com.kg веб сайтына жарыялансын.

 

5. Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айылдык Кеңешинин жооптуу катчысы А.Кадировго тапшырылсын.

 

6.Токтомду аткарууну көзөмөлдөө Ак-Коргон айыл кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

Т.Хамракулов