Редакцияот 08.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Терек – Сай айылдык Кеңешинин IХ чакырылышынын кезектеги XXXXVI сессиясынын

2024-жыл 08-февралы №513

 

“Ооган согушунун 35-жылдыгын белгилөө жөнүндө”

Чаткал районунун Ооган согушунун ардагерлер кеңешинин төрагасы А.Хакимбековдун Ооган ардагерлеринин 35 жылдыгына карата уюштурулган иш чарага Жалал-Абад шаарына барып келүүгө 6 (алты) ардагерге акча каражатын карап берүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXXXVI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ :

 

1.Чаткал районуна караштуу Терек-Сай айыл аймагындагы Ооган согушунун 6 (алты) ардагерине Ооган ардагерлеринин 35 жылдыгына карата уюштурулган иш чарага Жалал-Абад шаарына барып келүүгө 60 00 (алтымыш миң) сом акча каражаты 01.01.2024-жылга иштетилбей калган калдыктын эсебинен жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.

 

2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн.

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

 

Терек-Сай айылдык кеңешинин

төрагасы:

 

 

Тойчуев М.С.