Редакцияот 08.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Терек – Сай айылдык Кеңешинин IХ чакырылышынын кезектеги XXXXVI сессиясынын

2024-жыл 08-февралы №514

 

“Учур талабына ылайык санариптик билим берүү үчүн ноутбук алып берүү жөнүндө”

Чаткал районундагы № 46 кесиптик лицейдин Терек-Сай айыл аймагына караштуу филиалында учур талабына ылайык санариптик билим берүүдө окуучуларды жетиштүү компьютер менен камсыздоо зарылдык жараткандыктан, Lenovo маркансындагы ноутбук алып берүү жөнүндөгү кесиптик лицейдин мугалими Т.Ажыкановдун кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXXXVI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1.Чаткал районундагы № 46 кесиптик лицейдин Терек-Сай айыл аймагына караштуу филиалында учур талабына ылайык санариптик билим берүүдө окуучуларды жетиштүү компьютер менен камсыздоо зарылдыгына байланыштуу Lenovo маркасындагы ноутбук алып берүү үчүн 50 000 (элүү миң) сом акча каражаты 01.01.2024-жылга иштетилбей калган калдыктын эсебинен жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.

 

2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн.

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин

 

 

 

Терек-Сай айылдык кеңешинин

төрагасы:

 

 

Тойчуев М.С.