Редакцияот 08.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Терек – Сай айылдык Кеңешинин IХ чакырылышынын кезектеги XXXXVI сессиясынын

2024-жыл 08-февралы №515

 

“Терек-Сай Тазалык” муниципалдык ишканасынын 2024-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын бюджет жөнүндөгү мыйзамына ылайык, Терек – Сай айыл аймагына караштуу “ Терек-Сай Тазалык” муниципалдык ишканасынын 2024-жылга карата бюджетин бекитип берүү жөнүндөгү “ Терек-Сай Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Ш.Балтагуловдун маалыматын угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IХ чакырылышынын  кезексиз XXXXVI сессиясы

 

Т О К Т О М К Ы Л А Т:

 

1.“Терек-Сай Тазалык” муниципалдык ишканасынын 2024-жылга карата бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү 8 486 000 (сегиз миллион төрт жүз сексен алты миң) сомго бекитилсин жана Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылга бекитилген бюджетинен каралсын.

 

2. Бекитилген лимиттерди өз убагында каржылоо жана максаттуу пайдаланышын камсыз кылуу жагы “ Терек-Сай Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Ш.Ж.Балтагуловго жана Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин

 

 

 

Терек-Сай айылдык кеңешинин

төрагасы:

 

 

Тойчуев М.С.