Редакцияот 08.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Терек – Сай айылдык Кеңешинин IХ чакырылышынын кезектеги XXXXVI сессиясынын

2024-жыл 08-февралы №516

 

“Терек-Сай айыл аймагында катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу үчүн бирдиктүү тарифти бекитүү жөнүндө”

 

“Терек-Сай Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Ш.Балтагуловдун Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы “Улуттук Тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүүдөгү иш аракеттер планы жөнүндө” №305 Жарлыгына ылайык иш алып баруу максатында жеке менчик соода түйүндөрүнүн, кафе, устаканалардын, ашканалардын жана жергиликтүү тургундардын катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу боюнча бирдиктүү тарифти бекитип берүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXXXVI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1. Терек-Сай айыл аймагында катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу үчүн : жеке менчик соода түйүндөрүнө, кафе, устаканаларга, ашканаларга (13=200 кг, орто эсеп 3707/20 3)  13= 185 ( бир жүз сексен беш)  сомдон жана жергиликтүү тургундар үчүн адам башына 30 (отуз) сомдон бирдиктүү тарифтер бекитилсин.

 

2.Бул токтомдун аткарылышы “Терек-Сай Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Ш. Балтагулов жана Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин социалдык маселелер, укук жана мыйзамдуулук, маданият, билим берүү, саламаттык сактоо боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Терек-Сай айылдык кеңешинин

төрагасы:

 

 

Тойчуев М.С.