ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек – Сай айылдык Кеңешинин IХ чакырылышынын кезектеги XXXXVI сессиясынын
2024-жыл 08-февралы №518
“Терек-Сай айыл аймагына караштуу айылдардагы балдар аянтчаларынын үстүн жабуу жөнүндө”
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Болуш, Мырзалиев жана Кызыл-Токой айылдарындагы балдар ойноочу аянтчалардын үстүн жабуу зарылчылыгына байланыштуу Болуш айылынын айыл башчысы Р.Чоноровдун, Мырзалиев көчөсүнүн куратору Ө.Качикеевдин жана Кызыл-Токой айылынын айыл башчысы М.Жолдошбековдун кайрылууларын угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXXXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Терек-Сай айыл аймагына караштуу Болуш айылындагы балдар ойноочу аянтчанын үстүн жабуу үчүн 915 060 (тогуз жүз он беш миң алтымыш) сом акча каражаты, Мырзалиев айылындагы балдар ойноочу аянтчанын үстүн жабуу үчүн 984 700 (тогуз жүз сексен төрт миң жети жүз) сом акча каражаты, Кызыл-Токой айылындагы: “Бүчүр” балдар бакчасынын балдар ойноочу аянтчасынын үстүн жабуу үчүн 1 482 100 (бир миллион төрт жүз сексен эки миң бир жүз) сом акча каражаты, Ынтымак жана Агартуу көчөлөрүндөгү балдар ойноочу аянтчанын үстүн жабуу үчүн 1 056 160 (бир миллион элүү алты миң бир жүз алтымыш) сом акча каражаты, Жаштык көчөсүндөгү балдар ойноочу аянтчанын үстүн жабуу үчүн 596 080 ( беш жүз токсон алты миң сексен сом) сом акча каражаты 01.01.2024-жылга иштетилбей калган калдыктын эсебинен жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.
2. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылындагы Ынтымак көчөсүндөгү балдар ойноочу аянтчанын үстүн жабуу үчүн 748 620 (жети жүз кырк сегиз миң алты жүз жыйырма) сом акча каражаты “Эти Бакыр Терексай” жоопкерчилиги чектелген коомунун 2024-жылга каралган социалдык пакетинин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин
Терек-Сай айылдык кеңешинин төрагасы: |
Тойчуев М.С. |