ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек – Сай айылдык Кеңешинин IХ чакырылышынын кезектеги XXXXVI сессиясынын
2024-жыл 08-февралы №519
“Терек-Сай айыл аймагына караштуу Болуш айылынын наамын жазып орнотуу жөнүндө”
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Болуш айылынын башталышына жана бүткөн жерине айылдын наамын жазып орнотуу зарылдыгы жөнүндөгү Болуш айылынын айыл башчысы Р.Чоноровдун кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXXXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Болуш айылынын башталышына жана бүткөн жерине айылдын наамын жазып орнотуу үчүн 53 640 ( элүү үч миң алты жүз кырк) сом акча каражаты 01.01.2024-жылга иштетилбей калган калдыктын эсебинен жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин
Терек-Сай айылдык кеңешинин төрагасы: |
Тойчуев М.С. |