Редакцияот 08.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Терек – Сай айылдык Кеңешинин IХ чакырылышынын кезектеги XXXXVI сессиясынын

2024-жыл 08-февралы №520

 

“Терек-Сай айыл аймагында жайгашкан Терек-Сай аймактык милиция бөлүмчөсүнүн имаратынын абалын жакшыртуу жана коомдук коопсуздуктун алдын алуу жөнүндө”

Терек-Сай айыл аймагында жайгашкан Терек-Сай аймактык милиция бөлүмчөсүнүн имаратынын абалын жакшыртуу жана коомдук коопсуздуктун алдын алуу максатында дарбаза , темир эшик, имараттын алдын бетондоо үчүн цемент алып берүү жөнүндөгү Терек-Сай аймактык милиция бөлүмүнүн башчысы, милициянын капитаны М.Өскөнбаевдин кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXXXVI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1. Терек-Сай айыл аймагында жайгашкан Терек-Сай аймактык милиция бөлүмчөсүнүн имаратынын абалын жакшыртуу максатында имараттын алдын бетондоо үчүн 3 (үч) тонна цемент алып берүүгө 27 000 (жыйырма жети миң) сом акча каражаты 01.01.2024-жылга иштетилбей калган калдыктын эсебинен жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.

2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн.

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин

 

 

 

Терек-Сай айылдык кеңешинин

төрагасы:

 

 

Тойчуев М.С.