ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 18-сентябры № 101/XXVI-28
"Акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө"
Люксембург айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Буйляшевдин “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренесине ылайык “Василек” бала бакчасынын аймагын тосууга жергиликтүү бюджеттен 1318,4 миң(бир миллион үч жүз он сегиз миң төрт жүз)сом өлчөмүндө акча каражатын бөлүү зарылдыгы жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Люксембург айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Сметалык документтерге ылайык "Василек" балдар бакчасынын аймагын тосуу үчүн жергиликтүү бюджеттен 1318,4 миң (бир миллион үч жүз он сегиз миң төрт жүз)сом өлчөмүндө акча каражатын бөлүүгө макулдук берилсин.
2.Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
3.Люксембург айыл өкмөтүнүн имаратындагы стендге жарыялансын.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө экономика, каржы, бюджет боюнча туруктуу комиссияга жана Люксембург айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Т. Буйляшевге жүктөлсүн.
Төрага | К. Шайлдабеков |