Редакцияот 12.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

1-тиркеме

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-декабрындагы № 664 токтомуна)

Пестициддер жана агрохимикаттар менен коопсуз иштөөнү мамлекеттик көзөмөлдөө жана контролдоо жөнүндө ЖОБО

1-глава. Жалпы жоболор

1. Пестициддер жана агрохимикаттар менен коопсуз иштөөнү мамлекеттик көзөмөлдөө жана контролдоо жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) пестициддер жана агрохимикаттар менен коопсуз иштөөнү мамлекеттик көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча иштин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин белгилейт.

2. Бул Жободо төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:

1) текшерүү - ишкерлер тарабынан пестициддер жана агрохимикаттар менен коопсуз иштөө жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо боюнча мамлекеттик көзөмөлдүн же контролдун бардык формалары;

2) текшерүү барагы - текшерүү жүргүзүүдө контролдоочу орган тарабынан таризделүүчү ишкерлер өз ишинин жүрүшүндө сактоого тийиш болгон талаптарды камтыган документ;

3) тобокелдик даражасын баалоо критерийлери - ишкердик субъекттерин тобокелдиктин ар кандай даражаларына киргизүүгө мүмкүндүк берүүчү ишкердик субъектинин түздөн-түз иши менен байланышкан сандык жана (же) сапаттык көрсөткүчтөрдүн жыйындысы;

4) текшерүүгө алынган субъекттер - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте катталган юридикалык жактар, жеке ишкерлер, филиалдар жана өкүлчүлүктөр;

5) агрохимикаттар - кыртыштын күрдүүлүгүн жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн, продукциянын сапатын жогорулатуу үчүн практикада пайдаланылуучу жер семирткичтер, кыртыштын химиялык мелиоранттары, тоют консерванттары, ошондой эле айыл чарба продукциясын жана табигый сырьену, пестициддерди, өстүрүү заттарын жана жер семирткичтерди кайра иштетүү жана консервациялоо процесстерин өндүрүштүк-химиялык контролдоо, агрохимиялык анализдер үчүн химиялык реактивдер;

6) пестициддер - өсүмдүктөрдүн зыянкечтерине же илдеттерине, отоо чөптөргө, сакталган айыл чарба продукциясынын зыянкечтерине, тиричилик зыянкечтерине жана жаныбарлардын тышкы мителерине каршы күрөшүү үчүн, ошондой эле өсүмдүктөрдүн өсүшүн жөнгө салуу, жалбырактарды оруп-жыюу алдында жок кылуу (дефолианттар), өсүмдүктөрдү оруп-жыюу алдында кургатуу (десиканттар) үчүн пайдаланылуучу химиялык же биологиялык препараттар.

3. Пестициддер жана агрохимикаттар менен коопсуз иштөөнү мамлекеттик көзөмөлдөө жана контролдоо предмети болуп юридикалык жактар, жеке ишкерлер жана жарандар тарабынан Кыргыз Республикасында пестициддерди жана агрохимикаттарды өндүрүүдө, ташып киргизүүдө/ташып чыгарууда/транзит менен өткөрүүдө, сактоодо, ташууда, сатууда, пайдаланууда жана утилдештирүүдө/жок кылууда өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жагындагы милдеттүү талаптардын сакталышы саналат.

4. Пестициддер жана агрохимикаттар менен коопсуз иштөөнү мамлекеттик көзөмөлдөөчү жана контролдоочу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти (мындан ары - Департамент) саналат.

5. Пестициддер жана агрохимикаттар менен коопсуз иштөөнү мамлекеттик көзөмөлдөөгө жана контролдоого ыйгарым укуктуу кызмат адамдары болуп кызматтык милдеттерине ылайык укуктуу мамлекеттик органдын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана адистери эсептелет.

2-глава. Пестициддер жана агрохимикаттар менен коопсуз иштөөнү мамлекеттик көзөмөлдөө жана контролдоо жол-жобосу

6. Пестициддер жана агрохимикаттар менен коопсуз иштөөнү мамлекеттик көзөмөлдөө жана контролдоо (мындан ары - мамлекеттик көзөмөлдөө жана контролдоо) өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо чөйрөсүндө милдеттүү талаптардын бузулушун текшерүү, көзөмөлдөө жана контролдоо иш-чараларын уюштуруу жана жүргүзүү аркылуу ишке ашырылат.

7. Мамлекеттик көзөмөлдөөнү жана контролдоону уюштуруу жана жүзөгө ашыруу жол-жобосуна текшерүүлөрдү пландоо, кабарлоо, текшерүү, тиешелүү документтерди тариздөө жана чараларды көрүү кирет.

8. Мамлекеттик көзөмөлдөө жана контролдоо төмөнкүлөргө жүргүзүлөт:

1) пестициддерди жана агрохимикаттарды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизүү, Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгаруу, Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзит менен өткөрүү жана Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча ташуу тартиби;

2) пестициддерди жана агрохимикаттарды өндүрүү, сактоо, ташуу, сатуу, пайдалануу жана утилдештирүү/жок кылуу тартиби;

3) айыл чарба өсүмдүктөрүнүн зыянкечтерине, илдеттерине жана отоо чөптөрүнө каршы пестициддерди колдонуу жана агрохимикаттарды берүү менен химиялык тазалоо тартиби;

4) контролдоочу орган тарабынан пестициддер жана агрохимикаттар менен коопсуз иштөө боюнча шашылыш чараларды көрүү, анын ичинде өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо боюнча өзгөчө комиссияларды түзүү тартиби;

5) пестициддер менен агрохимикаттарга токсикологиялык лабораториялык экспертиза жүргүзүү тартиби.

9. Пестициддер жана агрохимикаттар менен коопсуз иштөөнү мамлекеттик көзөмөлдөөнү жана контролдоону уюштуруу жана жүзөгө ашыруу.

Ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамы мамлекеттик көзөмөлдү жана контролду жүргүзүүдө "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрү жана уюмдары жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти жөнүндө жободо белгиленген өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде жана жүргүзүлүүчү көзөмөлдөө, контролдоо иш-аракеттеринин көлөмүндө укуктарга жана милдеттерге ээ.

Мамлекеттик көзөмөлдөө жана контролдоо жүргүзүүдө ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамдары төмөнкүлөргө укуктуу:

- менчигинин түрүнө карабастан чарбакер субъекттер тарабынан төмөнкүдөй иштердин аткарылышын көзөмөлдөө жана контролдоо:

пестициддерди жана агрохимикаттарды талаптагыдай өндүрүү, сактоо, ташуу, сатуу, пайдалануу жана утилдештирүү/жок кылуу боюнча;

пестициддерди колдонуу жана агрохимикаттарды берүү менен айыл чарба өсүмдүктөрүнүн зыянкечтерине, илдеттерине жана отоо чөптөрүнө каршы химиялык дарылоону жүргүзүү боюнча;

- контролго алынган жактарга милдеттүү талаптардын аныкталган бузулушун четтетүү, адамдын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө жана анын компоненттерине, анын ичинде жаныбарларга, өсүмдүктөргө, жарандардын, юридикалык жактардын мүлкүнө, мамлекеттик же муниципалдык мүлккө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча иш-чараларды жүргүзүү жөнүндө жазма буйруктарды, ошондой эле пестициддер менен агрохимикаттарды өндүрүү, сактоо, ташуу, сатуу, пайдалануу жана утилдештирүү/жок кылуу боюнча аныкталган талаптарды бузууларды четтетүү жөнүндө жазма буйруктарды берүүгө.

Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамынын текшерүүгө алынган субъекттин аймагына же жайына кирүүсү ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык ал адам тарабынан кызматтык күбөлүгүн, текшерүүгө алынган субъектке карата текшерүү жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругун, жазма буйругун көрсөткөндө ишке ашырылат.

10. Текшерүүлөрдү пландоо.

Текшерүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жазма буйругунун негизинде жүзөгө ашырылат, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

- текшерүү жүргүзүү жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйруктун номери жана датасы;

- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аталышы;

- текшерүү жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу кызмат адамынын аты-жөнү;

- текшерүүгө алынган субъекттин аталышы жана дареги же текшерүү жүргүзүлүп жаткан жеке ишкердин аты-жөнү;

- текшерүү жүргүзүүнүн максаты жана предмети;

- текшерүү жүргүзүүнүн укуктук негиздери;

- текшерүү башталган жана аяктаган датасы.

Жазма буйрукка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси кол коёт, эки нускада таризделет жана мөөр менен күбөлөндүрүлөт.

Пландуу текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн мөөнөтү 15 жумуш күндөн, чакан ишкердиктин субъекттери үчүн - 5 жумуш күндөн ашпоого тийиш. Атайын изилдөөлөрдү, сыноолорду, экспертизаларды жүргүзүү зарыл болгондо бул мөөнөт текшерүүнү жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен 10 жумуш күндөн ашпаган мөөнөткө бир жолу гана узартылышы мүмкүн.

11. Текшерүү жүргүзүү жөнүндө кабарлоо.

Кабарлоодо төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:

- пландуу текшерүү башталган жана аяктаган күнү;

- текшерүү жүргүзүлүп жаткан юридикалык жактын аталышы же жеке адамдын - ишкердин аты-жөнү;

- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аталышы;

- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамынын кызмат орду, аты-жөнү.

Кабарлоо тапшырык кат же телефонограмма менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын каражаттарынын эсебинен жөнөтүлөт же текшерүүгө алынган субъекттин жетекчисине же талаптагыдай таризделген документтин (ишеним кат, буйрук ж.б.) негизинде ыйгарым укуктуу адамынын жеке өзүнө кол койдуруу менен тапшырылат.

Текшерүүгө алынган субъекттин жетекчиси же ыйгарым укуктуу адамы кабарлоону алгандан кийин пландуу текшерүү жүргүзүү үчүн белгиленген убакытта текшерүүгө алынган объектте болууга милдеттүү.

Текшерүүгө алынган субъект пландуу текшерүүнү жүзөгө ашыруу жөнүндө кабарлоону албаган учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамын пландуу текшерүүнү жүргүзүүгө жол бербөөгө укуктуу.

12. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлүүчү текшерүүлөрдүн түрлөрү.

Мамлекеттик көзөмөлдөөчү жана контролдоочу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан текшерүүлөрдүн төмөнкүдөй түрлөрү жүргүзүлөт:

- пландуу текшерүү - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ишкердиктин субъекттеринин ишин текшерүүнү жүзөгө ашыруунун өзү бекиткен планына ылайык жүргүзүлүүчү текшерүү;

- пландан тышкаркы текшерүү - "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинде каралган негиздер боюнча жүргүзүлүүчү ишкер субъектинин ишин текшерүү;

- контролдук текшерүү - текшерүүгө алынган субъекттердин мурдагы текшерүүдө аныкталган бузууларды четтетүүсүн текшерүү;

- кайра текшерүү - ишкер субъектинин пландуу текшерүүнүн жыйынтыгына даттануусунун негизинде жана жүргүзүлгөн пландуу текшерүүгө байланыштуу актыда чагылдырылбаган же так эмес чагылдырылган айрым учурларды тактоо үчүн жүргүзүлүүчү текшерүү.