ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек – Сай айылдык Кеңешинин IХ чакырылышынын кезектеги XXXXVI сессиясынын
2024-жыл 08-февралы №524
“Терек-Сай айыл аймагына караштуу бизнес -инкубатордун курулуш иштери аяктагандыгына байланыштуу ижарага берүү тарифин бекитүү жөнүндө”
Терек-Сай айыл аймагына караштуу бизнес-инкубатордун курулуш иштери аяктагандыгына байланыштуу жарандарга ижарага берүү максатында жашоого ылайыкталбаган (нежилой) жай катары ижарага берүүгө 1м2-- 50 (элүү) сомдон болгон тарифти бекитип берүү жөнүндөгү Терек-Сай айыл аймагынын салык инспектору .Качикеевдин кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXXXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу бизнес-инкубаторду жарандарга ижарага берүү максатында жашоого ылайыкталбаган (нежилой) жай катары 1м2-- 50 (элүү) сомдон болгон тариф бекитилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын салык инспектору Качикеевге жүктөлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин
Терек-Сай айылдык кеңешинин төрагасы: |
Тойчуев М.С. |