Редакцияот 08.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Терек – Сай айылдык Кеңешинин IХ чакырылышынын кезектеги XXXXVI сессиясынын

2024-жыл 08-февралы №525

 

“Терек-Сай айыл аймагына караштуу Ак-Терек айылындагы кичи футбол аянтчасына шарт түзүү жөнүндө.”

            Терек-Сай айыл аймагына караштуу Ак-Терек айылында жайгашкан кичи футбол аянтчасында ойноого жакшы шарттар түзүлбөгөндүктөн, жаштардын ден соолугуна терс таасирин тийгизбей турган шарттарды түзүү үчүн өтө зарыл болгон курулуш иштерин жүргүзүү максатында керектүү акча каражат карап берүү жөнүндөгү Ак-Терек айылынын жаштарынын кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXXXVI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1.Терек-Сай айыл аймагына караштуу Ак-Терек айылында жайгашкан кичи футбол аянтчасында жаштардын ден соолугуна терс таасирин тийгизбей турган шарттарды түзүү максатында курулуш иштерин жүргүзүү үчүн 2 119 177 сом (эки миллион бир жүз он тогуз миң бир жүз жетимиш жети ) сом акча каражаты Эти Бакыр Терексай” жоопкерчилиги чектелген коомунун .2024-жылга каралган социалдык пакетинин эсебинен бөлүнүп берилсин

2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн.

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин

.

 

Терек-Сай айылдык кеңешинин

төрагасы:

 

 

Тойчуев М.С.