Редакцияот 08.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Терек – Сай айылдык Кеңешинин IХ чакырылышынын кезектеги XXXXVI сессиясынын

2024-жыл 08-февралы №526

 

“Терек-Сай айыл аймагына караштуу Ак-Терек айылындагы кичи футбол аянтчасына шарт түзүү жөнүндө”

            Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылындагы Агартуу көчөсүнүн бала бакча жайгашкан жагына Таза суу чыгаруу зарылдыгы жөнүндөгү Кызыл-Токой айылынын айыл башчысы М.Жолдошбековдун кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXXXVI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылындагы Агартуу көчөсүнө Таза суу чыгаруу үчүн бөлүнгөн 8 000 000 (сегиз миллион  ) сом акча каражатынын ичинен 5 000 000 (беш миллион ) сом акча каражаты 01.01.2024-жылга иштетилбей калган калдыктын эсебинен жергиликтүү бюджеттен жана 3 000 000 (үч миллион ) сом акча каражаты “Эти Бакыр Терексай” жоопкерчилиги чектелген коомунун 2024-жылга каралган социалдык пакетинин эсебинен бөлүнүп берилсин.

2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн.

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин

 

.

 

Терек-Сай айылдык кеңешинин

төрагасы:

 

 

Тойчуев М.С.