Редакцияот 14.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 14-декабры № 679

Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу боюнча маалыматтык фондду түзүүнүн жана жүргүзүүнүн, анда камтылган документтерди жана маалыматтарды берүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө

Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу боюнча маалыматтык фондду түзүүнүн, жүргүзүүнүн, анда камтылган документтерди жана маалыматтарды берүүнүн тартибин белгилөө максатында, "Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 151-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу боюнча маалыматтык фондду түзүүнүн жана жүргүзүүнүн, анда камтылган документтерди жана маалыматтарды берүүнүн тартиби ушул токтомдун тиркемесине ылайык бекитилсин.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

 Министрлер Кабинетинин

               Төрагасы

 

А.У.Жапаров