Редакцияот 25.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕШКЕНТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Бешкент айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы

 

2024-жылдын 25-январы № 90

Бешкент айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын бюджетинин аткарылышы жана 2024-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө

 

            Бешкент айыл өкмөтү 2023-жылга коюлган бюджетинин аткарылышы 2024- жылга Кыргыз Республикасынын каржы министри тарабынан берилген контролдук цифра боюнча Бешкент айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Б.Эргашевдун жана айылдык кеңешинин бюджет жана экономика боюнча комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана Бешкент айыл өкмөтүнүн 2024-жылга бюджетижана 2024-2026-жылдарга долбоору жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин Кыргыз Республикасынын өз алдынча башкар жөнүндө мыйзамдарына ылайык түзүлгөндүгүн белгилейт.

            Жогорудагыларды угуп жана талкуулап, Бешкент айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VII - чакырылышынын кезектеги  ХVI сессиясынын.

                                           Т О К Т О М     К Ы Л А Т:

1.     Бешкент айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Б.Эргашевдун билдирүүсү көңүлгө алынсын.

2.     Бешкент айыл өкмөтүнүн  2023-жылдагы бюджетинин аткарылышы канаттандырарлык деп табылсын.

3.     Бешкент айыл өкмөтүнүн  2023-жылдагы калдыгы  6 125,1 кабыл алынган жергиликтүү бюджетине жыл ичиндеги өзгөрүүлөр жана толуктоолор менен жалпы жыл ичинде бюджет 26 042,7 миң сом эсебинде киреше жана 19 594,4  миң сом чыгашалары № 1,2 тиркемеге ылайык бекитилсин.

4.     Бешкент айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бюджетинин киреше жана чыгашалары 26 042,7 миң сом өлчөмүндө №3,4 тиркемеге ылайык алымча кошумчаларын тактоо менен бекитилсин.

5.     2024-жылга Республикалык бюджеттен берилүүчү өлчөмдөрү каралып,биринчи кезекте эмгек акы жана социалдык фондко жана тамак - ашка жана коммуналдык чыгымдарга чыгымдала тургандыгы белгиленсин, алардын өлчөмдөрү №5 тиркемеге, жергиликтүү салыктардын нормативдери № 6 тиркемеге ылайык бекитилсин.

6.     Райондук казына бөлүмү аркылуу Бешкент айылдык кеңешинин аймагынан чогулган салыктар, жыйымдар жана атайын каражаттар  Бешкент айыл өкмөтүнүн эсебине топтоштурулуп чыгымдалышына жетишилсин.

7.     2024-жылга Бешкент айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгымдарын каржылооанын киреше бөлүгүнүн аткарылышына жараша жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин, анын ичинен биринчи кезекте корголуучу статьялар боюнча (Эмгек акыларды төлөө , соц фонд чегерүү , коммуналдык кызматтарга жана тамак – аш сатып алууга).

8.     Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын негизинде Бешкент айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдык клубдар, китепканалар, коргонуу, соц коргоо, билим берүү жана бала бакчаларга жеңилдиктер Бешкент айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгарылсын.

9.     1-Январь 2024-жылга бюджеттик каражаттардан калган 6 125,1  миң сом акча каражаттарынын сметасы №7 тиркемеге ылайык бекитилсин.

10. 1-Январь 2024-жылга атайын эсептен калган 1,8 миң сомдук акча каражаттарынын сметасы №8 тиркемеге ылайык бекитилсин.

11. Бешкент айыл өкмөтүнүн 2023-жылда каржыланбай калган чыгымдарды 2024-жылга каралган бюджетинин чегинде каржылансын.

12. Бешкент айыл өкмөтүнүн бюджетине киргизилген  өзгөртүүлөр айылдык кеңештин сессиясында жактырылгандан кийин аткарууга алынары белгиленсин.

13. Бешкент айыл өкмөтүнүн бюджети боюнча 2024-жылдын 1-январына карата жүргүзүлүүчү кассалык накталай акча 00,0 миң суммасында белгиленсин.

14. Бешкент айыл өкмөтүнүн 2024-жылга каралган бюджети 2024-жылдын 1-январынан ишке баштап киргизилсин.

15. Бешкент айыл өкмөтүнүн 2024-2025-2026-жылдарга болжолдуу бюджетинин долбоору бекитилсин.

16. Бул чечимдин аткарылышын камсыздоо Бешкент айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Б.Эргашевке көзөмөлдөө Бешкент айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.