БЕШКЕНТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бешкент айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы
2024-жылдын 25-январы № 92
Бешкент айыл өкмөтүнүн 2024-жылга туруктуу өнүктүрүү программасынын түзүлгөн иш -чаралар планын бекитүү жөнундө
Бешкент айыл өкмөтүнүн 2024-жылга туруктуу өнүктүрүү программасынын түзүлгөн иш- чарасы боюнча Бешкент айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу К.А.Алимбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Бешкент айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бешкент айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата түзүлгөн туруктуу өнүктүрүү программасынын иш –чарасы бекитилсин(тиркеме тиркелет№1).
2. Бешкент айыл өкмөтүнүн туруктуу өнүктүрүү программасынын 2024-жылдагы 33 иш-чараларын аткаруу боюнча айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине, айыл башчыларына ,тийиштүү мекеме-уюмдардын жетекчилерине милдеттендирилсин.
3. Бешкент айыл өкмөтүнүн туруктуу өнүктүрүү программасынын 2024-жылга карата түзүлгөн тиркеме №1 ылайык 33 иш-чараларын аткарылышы боюнча айыл өкмөтү жыл ичинде эки жолу отчет берүүсү белгиленсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бешкент айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Бешкент айылдык кеңешинин төрагасы: | О. Баховотдинов |