ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек – Сай айылдык Кеңешинин IХ чакырылышынын кезектеги XXXXVI сессиясынын
2024-жыл 08-февралы №528
“Терек-Сай айыл аймагына караштуу айылдардагы турмуш шарты оор жарандарга материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө”
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылынын тургундары: Назиров Кылычбектин ден соолугуна байланыштуу, Койчуманкулов Канатбектин үй-бүлөлүк шартына байланыштуу, Ак-Терек айылынын тургундары: Машаева Санабардын турмуш шартына , пенсионер Сарпбекова Тилдебүнүн ден соолугуна , Алмазбек уулу Уларбектин турмуш шартына байланыштуу материалдык жардам берүү жөнүндөгү кайрылууларын угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXXXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылынын тургундары: Назиров Кылычбектин ден соолугуна байланыштуу дарылануу үчүн 21 000 (жыйырма бир миң) сом, Койчуманкулов Канатбектин үй-бүлөлүк шартына байланыштуу 21 000 (жыйырма бир миң) сом, Ак-Терек айылынын тургундары: Машаева Санабардын турмуш шартына байланыштуу 50 000(элүү миң) сом , пенсионер Сарпбекова Тилдебүнүн ден соолугуна байланыштуу 50 000(элүү миң) сом, Алмазбек уулу Уларбектин турмуш шартына байланыштуу 50 000(элүү миң) сом акча каражаты материалдык жардам үчүн 01.01.2024-жылга иштетилбей калган калдыктын эсебинен жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
.
Терек-Сай айылдык кеңешинин төрагасы: |
Тойчуев М.С. |