КУРАМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Курама айылдык кеңештин депутаттарынын 9-чакырылышынын
кезексиз II-сессиясы
2023-жылдын 04-марты № 9
Жер тилкесинин максатын өзгөртүүгө макулдук
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик администрациясынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын негизге алып, Панфилов айылынын Каптал-Арык кичи районуна 100 орундуу бала бакча куруу боюнча сунушту карап чыгып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Панфиловка айылынын Центральная көчөсүндөгү №87/3 жер тилкесине 100 орундуу балдар бакчасын куруу максатында, архитектуралык чечимдерине карама-каршы келбегендигин эске алып жер тилкенин багытын өзгөртүү.
2. Курама айыл өкмөтү курулушка долбоордук-сметалык документтерин даярдоо боюнча бардык зарыл иштерди жүргүзсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлүн Курама айыл өкмөтүнүн башчысы Н.М.Узакбаевага жүктөлсүн.
Төрага: | Р.Р.Мамбеталиев |