ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек – Сай айылдык Кеңешинин IХ чакырылышынын кезексиз XXXXVI сессиясынын
2024-жыл 08-февралы №532
“Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылындагы чоң көпүрөнү реконструкциялоо жөнүндө”
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылындагы Ак-Бата көчөсүндөгү чоң көпүрөнү реконструкциялоо үчүн акча каражатын карап берүү жөнүндөгү Кызыл-Токой айылынын айыл башчысы М.Жолдошбековдун кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXXXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылындагы Ак-Бата көчөсүндөгү чоң көпүрөнү реконструкциялоо үчүн 9 600 000 (тогуз миллион алты жүз миң) сом акча каражаты “Эти Бакыр Терексай” жоопкерчилиги чектелген коомунун 2024-жылга каралган социалдык пакетинин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин
Терек-Сай айылдык кеңешинин төрагасы: |
Тойчуев М.С. |