Редакцияот 20.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Бириккен Багыш айыл аймагынын Багыш айылдык кенешинин уюштуруу сессиясынын

2024-жыл 20-февралы №1

 

“Бириккен Багыш айыл аймагынын Багыш айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколду бекитүү тууралуу”

            “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 24 Жарлыгы менен бекитилген пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жѳнүндѳ Убактылуу жобону жетекчиликке алып,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

          1. Бириккен Багыш айыл аймагынын Багыш айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө 2024-жылдын 20-февралындагы №1 протокол бекитилсин.

          2. Бириккен Багыш айыл аймагынын Багыш айылдык кеңешинин Сейдахматов Жыргалбек Орозбекович шайланган төрагасы деп таанылсын.

          3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

 

 

Төрайым:

 

 

А. Бердикожоева