Редакцияот 13.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

АК-Сай айылдык кеӊешинин VI чакырылышынын кезектеги IX сессиясы

 

2024-жылдын 13-марты №46

Ак-Сай айыл өкмөтүндөгү АЖМФнун жерлерин берүү ижарага берүү үчүн түзүлгөн комисиянын курамына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сабировдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Сай айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги IX сессиясы токтом кылат:

 

1.    Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагындагы АЖМФнун жерлерин ижарага берүү үчүн комиссиянын курамына төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин:

·         Сабиров Алимбек – айыл өкмөтүнүн башчысы.

·         Тешебаев Давлатбек – айыл өкмөтүнүн катчысы

·         Камалидинова Акмөөр – айыл өкмөтүнүн жер адиси

·         Баткен райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын өкүлү (макулдугу менен)

·         Абдисаттар уулу Бекжан – айылдык кеңештин депутаты

·         Сейтказыев Бекмамат – айылдык кеңештин депутаты

·         Ходжаев Алимбек – айылдык кеңештин депутаты

2.    Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Ак-Сай айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Г.Исаковага милдеттендирилсин.

3.    Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Сай айылдык Кеңешинин финансы, бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын

Айылдык

кеӊешинин тѳрагасы

 

К.Халматов