Редакцияот 25.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Масы айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XIX сессиясынын

 

2023-жылдын 25-январындагы № 2

 

«Масы-Тазалык муниципалдык ишканасынын 09.01.2023-ж чыг.№1 сунушун кароо жөнүндө»

Масы-Тазалык муниципалдык ишканасынын 09.01.2023-ж чыг.№1-сунушу боюнча Масы-Тазалык муниципалдык ишканасынын жетекчиси О.Макамбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Масы айылдык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XIX сессиясы токтом кылат:

 

1. Масы-Тазалык муниципалдык ишканасынын жетекчиси О.Макамбаевдин маалыматы эске алынсын.

2. Масы-Тазалык муниципалдык ишканасынын 09.01.2023-ж чыг.№1-сунушунун негизинде 2023-жылга карата төмөнкүдөй тартипте бекитилсин:

- таштандылар үчүн жергиликтүү бюджеттен субсидия 33 (отуз үч) сом,

- жергиликтүү калктын ар бир жараны 30 ( отуз ) сом өлчөмүндө,

- юридикалык ишканаларга дефиринцированный тарифи менен бекитилсин.

 

3. Токтомду аткаруу жана жергиликтүү калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, Масы-Тазалык муниципалдык ишканасынын жетекчиси О.Макамбаевге милдеттендирилсин.

 

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Масы айылдык Кеңешинин Финансы, экономика, бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Ж.Карабаевге тапшырылсын.

 

 

Масы айылдык Кеңешинин төрагасы:

 

М.Култаев