КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Көл шаардык кеңешинин 8-чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз ХХXIV сессиясы
2024-жыл 29-марты №157/34-8
“Жазы-Кечүү аймактык башкармалыгынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2023-жылда аткарган иштери жөнүндө отчёту”
«Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 3-пунктуна ылайык Жазы-Кечүү аймактык башкармалыгынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин төрагасы Т.С.Абдыраимовдун жайыт комитетинин 2023-жылда аткарган иштери жөнүндө отчётун, Кара-Көл шаардык кеңешинин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы И.Р.Касымовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин 8-чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз XXXIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Жазы-Кечүү аймактык башкармалыгынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин төрагасы Т.С.Абдыраимовдун жайыт комитетинин 2023-жылда аткарган иштери жөнүндө отчёту, Кара-Көл шаардык кеңешинин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы И.Р.Касымовдун билдирүүсү эске алынсын.
- Жазы-Кечүү аймактык башкармалыгынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Т.С.Абдыраимовдун жайыт комитетинин 2023-жылда аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
- Жазы-Кечүү аймактык башкармалыгынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетине (Т.С.Абдыраимов) Жайыт мыйзамынын талаптарын так аткаруу милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Жазы-Кечүү аймактык башкармалыгынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетине (Т.С.Абдыраимов) жана Жазы-Кечүү аймактык башкармалыгына (К.А.Таштанкулова), ал эми көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (И.Р.Касымов) жүктөлсүн.
Төрага: |
Ч.А. Кимсанов |