Редакцияот 28.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРОК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2023-жылдын 28-сентябры №9/2

«Республикалык бюджеттен алынган максатуу трансферттерди пайдаланууга макулдук берүү».

Орок айылдык кеңешинин кезектүү сессиясы, 2023-жылдын 2-жарым жылдыгына карата айыл чарба багытындагы жер салыгынын суммасы жоголгондугуна байланыштуу республикалык бюджеттен алынган максаттуу трансферттерди пайдаланууга макулдук берүү жөнүндө Орок айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Адылбековдун кайрылуусун угуп жана талкуулоодон кийин Орок айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2023-жылдын 2-жарым жылдыгына карата айыл чарба багытындагы жер салыгынын суммасынын жоголушуна байланыштуу республикалык бюджеттен алынган максаттуу трансферттерди пайдаланууга макулдук берилсин жана төмөндө көрсөтүлгөн таблицага ылайык кийинки бөлүмгө, айылдар ичиндеги жолдорду оңдого жөнөтүлсүн;

 

№

Бөлүм

Берене

3 квартал

1

ЖКХ

2221

+309,5

Бардыгы

 

 

+309,5

 

2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө мыйзамына ылайык www.gamsumo.gov.kg  сайтына жарыялансын.

3.Бул токтомдун аткарылышы Орок айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Адылбековго жүктөлсүн.

 

 

Орок айылдык кеңешинин

төрагасы

 

 

У. Бекболотов