Редакцияот 31.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Татыр айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

 

2024-жылдын 31-январы № 2                           

2023-жылда жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча ФЭБнын отчёту жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн 2023-жылда жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө ФЭБнын отчётун, Ак-Татыр айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 29-январындагы отурумунун №1 протоколун угуп  жана талкуулап чыгып  Ак-Татыр айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы Токтом кылат

  

1.     Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн 2023-жылда жергиликтүү бюджеттин жана анын аткарылышы жөнүндө ФЭБнын отчёту канааттандырарлык деп табылды.

 

 Ушул токтомдун аткарылышын айыл өкмөт башчысы К. Нурмаматовго жүктөлсүн.

                                       

2.     Ушул  токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө  жагы, Ак-Татыр айылдык бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу  комиссиясына жана комиссиянын төрагасына жүктөлсүн.

 

Төрага:

 

Ысаков С.Б.