ОРОК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 28-сентябры №9/3
Орок айыл аймагына карашатуу №412 контурунда жайгашкан жалпы аянты 1,2 га жер тилкесин «Жайыт» категориясынан «Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер» категориясына которууга жана муниципалдык менчикке өткөрүп берүү менен Өйдөнкү-Орок жашочуларына стадион, спорт зал, мончо, парк курууга макулдук берүү боюнча Орок айыл өкмөтүнүн башчысы А.К. Адылбековтун кайрылуусун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесинин негизинде Орок айылдык кеңеши.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орок айыл аймагына карашатуу №412 контурунда жайгашкан жалпы аянты 1,2 га жер тилкесин «Жайыт» категориясынан «Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер» категориясына которууга, муниципалдык менчикке өткөрүгө жана Өйдөнкү-Орок жашочуларына стадион, спорт зал, мончо, парк курууга, макулдук берилсин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө мыйзамына ылайык www.gamsumo.gov.kg сайтына жарыялансын.
3. Тиешелүү иштерди жана юридикалык документтерин бүткөрүү жагы Орок айыл өкмөтүнүн башчысы А.К. Адылбековго жүктөлсүн.
Орок айылдык кенешинин төрагасы |
| У. Бекболотов |