АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Татыр айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
2024-жылдын 31-январы № 5
Макулдук берүү жөнүндө
Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун 2023-жылдын башында Миң-Өрүк айылында калк менен болгон жолугушууда калк арасынан көтөрүлүп чыккан талаптардын негизинде Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысы К.Нурмаматовдун билдирүүсүн Ак-Татыр айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектуура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 29-январындагы отурумунун №1 протоколунда карап талкуулап чыгып Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы Токтом кылат
1. Миң-Өрүк айылына мектептин жаңы имаратын куруу максатында Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Орто-Боз айылынын тургундарынын Миң-Өрүк айылындагы № 868 контурундагы 3,9 га үлүш сугат айдоо жер аянтын (үлүш ээлеринин макулдугу менен), Самаркандек айыл өкмөтүнүн Миң-Өрүк айылында жайгашкан № 811 контурундагы жана № 817 контурундагы кайра бөлүштүрүү фондунун эсебинде турган айыл чарба багытындагы 3,9 га сугат айдоо жерине алмаштырып берүүгө макулдук берилсин.
- Ушул токтомдун негизинде тийиштүү документтерди толуктап бүтүрүү жагы Баткен районунун мамлекеттик администрациядан суралсын.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектуура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссияга жана айыл өкмөтүнүн жер адиси Б.Турдуевге жүктөлсүн.
Төрага: |
Ысаков С.Б. |