АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Татыр айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
2024-жылдын 31-январы № 6
Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн 2024-жылга түзүлгөн
иш планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн 2024-жылга түзүлгөн иш планын, Ак-Татыр айылдык кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясы 2024-жылдын 29-январындагы отурумунун №1 протоколун угуп жана талкуулап чыгып Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы Токтом кылат
- Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата түзүлгөн иш планы бекитилсин. (Тиркемеси тиркелет)
- Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Нурмаматовго жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Ак-Татыр айылдык кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жана комиссия төрагасы Дастанбек Эркиновго жүктөлсүн.
Тиркеме: 4 баракта.
Төрага: |
Ысаков С.Б. |
БЕКИТЕМ Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы Ысаков.С.Б____________ 2024-жылдын 31-январы № 6
Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн 2024-жылга түзүлгөн иш планы.
№ | Каралуучу маселенин мазмуну | Кайсы айда каралат | Маселени кароого кимдер жооптуу |
|
| ||
1.1 | Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн аппаратында иштеген кызматкерлерге өз ара милдеттерди бөлүштүрүү. | Январь
| Абдинабиев Н. |
1.2 | Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы социалдык – экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы жана 2024-жылга негизги милдеттери жөнүндө | Январь
| Жооптуу катчы, адистер
|
1.3 | Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн 2024-2026-жылдар үчүн түзүлгөн өнүгүү программасынын 2024-жылга каралган иш чаралардын аткарылышы жөнүндө | февраль | Абдинабиев Н. Сапарова Б. Мирадилов М. |
1.4 | Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдарында көрктөндүрүү жана тазалыкты сактоонун абалы жөнүндө | февраль | Акматов Р, Турдуев Б, Айыл башчылар |
1.5 | 2024-жылдын жазгы талаачылык жумуштарына даярдыктарды көрүүдө жүргүзүлүп жаткан иштердин абалы жөнүндө. | Март | Турдуев Б, айыл башчылар
|
1.6 | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы “Жер мунапысын жургузуунун тартиби жонундогуЖобоу бекитуу тууралуу”№291- токтомуна озготуулорду киргизуу жонундо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-мартындагы №174 тотомунун аткарылышынын абалы жонундо. | Март | Турдуев Б |
1.7 | Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы №412 Жарлыгы менен бекитилген 2021-2026 -жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чойродогу мамлекеттик саясатын жургузулушун абалы. | апрель | Акматов Р |
1.8 | 2024-жылдын түшүмү үчүн кылкандуу дан эгиндерин оруп жыйноо иштерин уюшкандыкта өткөрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин абалы жөнүндө | май | Турдуев Б. Айыл башчылар |
1.9 | Ак-Татыр айыл өкмөтүндөгү бодо малдарды жана ача туяктуу малдардын, ит мышыктардын, үй канатууларынын жугуштуу ооруулардын алдын алуу боюнча | май | Акматов И.
|
1.10 | Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 22-февралындагы №71 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 4-майындагы “Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө” №67 Мыйзамын турмушка ашырууда аткарып жаткан иштери жөнүндө | июнь | Абдинабиев Н Жооптуу кызматкерлер |
1.11 | Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 21-декабрындагы “Тоолуу региондорду онуктуруу боюнча иш аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча жообону бекитуу тууралуу” №353 Жарлыгы | Июнь | Бектемиров Э. Абдинабиев Н.
|
1.12 | Айыл өкмөтүндөгү мектептерди кезектеги ремонттон өткөрүүдө жана 2024-2025-жылы жаңы окуу жылына даярдоодо мектептердин жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө | Июнь | Акматов Р.Айыл башчылар,мектеп директорлору |
1.13 | Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 1-жарым жылдыгынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы жана 2024-жылдын 2-жарым жылдыгына карата милдеттер жөнүндө | Июль | Абдинабиев Н, Сапарова Б. Турдуев Б. Акматов Р. Мирадилов М. |
1.14 | Айыл өкмөтүндөгө социалдык обьектилерди күз-кыш мезгилдерине даярдоодо жүргүзүп жаткан иштердин абалы жөнүндө | июль | Сапарова Б. Акматов Р. |
1.15 | КРнын Президентинин 2006-жылдын 26-мартындагы «Гендердик саясатты өнүктүрүү чаралар жөнүндөгү» жарлыгынын аткарылыш абалы жөнүндө | август | Акматов Р. |
1.16 | КРнын «Балдар жөнүндөгү» кодексинин аткарылышы жөнүндө | август | Акматов Р.
|
1.17 | 2024-жылдын түшүмү үчүн күздүк дан эгиндерин себүүнү уюшкандыкта жүргүзүү ж/дө аткарылып жаткан иштер жөнүндө | Сентябрь | Турдуев Б Айыл башчылар |
1.18 | Айыл өкмөтүндөгү салык жыйымдарынын жана аренда акыларынын жыйналышынын абалы жөнүндө. | Сентябрь | .Джураев И, Жапаров Н. |
1.19 | Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн аймагында диний-экстремизм, фундаментализмдин жайылышына жол бербөө жана алдын алуу боюнча жүргүзүлгөн иштердин абалы жөнүндө | октябрь | Акматов Р. |
1.20 | Салык жыйымдарынын жыйналышынын абалы | Ноябрь | Салык кызматкерлери |
1.21 | Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн 2025жыл үчүн иш планын бекитүү жөнүндө | декабрь | Абдинабиев Н. |
|
| ||
2.1 | Кыргыз Республикасынын Президентинин Указдарын, КР Өкмөтүнүн , областык мамлекеттик админстрациясынын, токтомдорунун, буйруктарынын аткарылышын камсыз кылуу жана көзөмөлдөө. | Дайыма | Абдинабиев Н. Айыл аймагынын жооптуу кызматкерлери |
2.2 | Айыл өкмөтүнүн ай сайын өткөрүлүүчү заседаниелеринде каралуучу маселелерди даярдоо | ай сайын | Абдинабиев Н. |
2.3 | Аппарат кызматкерлеринин айлык жана кварталдык иш пландарын түзүү, бекитүү жана аткарылышын көзөмөлдөө | квартал сайын | Абдинабиев Н. |
2.4 | Кадрлар резервин түзүү | Квартал сайын | Абдинабиев Н. |
2.5 | Республикалык, Областык, райондук газеталарга жазылууну жогорку деңгеелде уюштуруу | Жыл ичинде | Жолдошова Н. |
2.6 | Айыл өкмөтүндөгү диний мекемелер менен байланышта иштөөнү уюштуруу алардын ишмердигин көзөмөлгө алуу | Дайыма | Жолдошова Н. |
2.7 | Айыл өкмөтүнүн аймактык инспекторлорунун билим берүүчү мектептер менен бирдикте жаштардын арасында укук бузуучуларга каршы алдын алуу иштерин жүргүзүү | Квартал сайын | Акматов Р. Айыл башчылар |
2.8 | Айыл өкмөтүнүн башчысынын жер жерлерде эл менен жолугушуусунун графигин түзүү жана тиешелүү материалдарды даярдоо | Жыл ичинде | Абдинабиев Н. Жооптуу кызматкелер |
2.9 | Айыл өкмөтүндөгү кадрлардын квалификациясын жогорулатуу боюнча окууларга жана окуу семинарларга жөнөтүүнү уюштуруу | Квартал сайын өз учурунда | Абдинабиев Н. |
|
| ||
3.1 | Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн аймагындагы жаштар арасында спорттун түрлөрү боюнча мелдештерди өткөрүү | дайыма | Бетемиров Э. |
3.2 | Элдик кол өнөрчүлүктүн көргөзмө кароо- сынагын уюштуруу | февраль | Жооптуу кызматкерлер |
3.3 | «8-март аялдардын эл аралык күнүнө» карата салтанаттуу кечени уюштуруу жана өткөрүү | 8-март | Акматов Р. Аыйл башчылары |
3.4 | 21-март «Нооруз - 2024» элдик майрамын өткөрүүгө даярдыктарды көрүү жана өткөрүү | 21-март | жооптуу кызматкерлер |
3.5 | Көрктөндүрүүнүн, жашылдандыруунун жана тазалыкты сактоонун 2 айлыгы боюнча иштерди аткаруу | март | Жооптуу кызматкерлери |
3.6 | У.А.Мекендик согуштун женишинин 79-жылдыгына карата согуштун майыптарына, катышуучуларына жана тылда эмгектенгендерге социалдык жактан жардам берүү | апрель | Акматов Р. Айыл башчылары |
3.7 | 20-май энелер күнүн өткөрүү | май | Акматов Р. |
3.8 | Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектеп бүтүрүүчүлөрү менен кесип тандоо боюнча жолугушууларды өткөрүү | май | Жооптуу кызматкерлер |
3.9 | 1-июнь балдарды коргоо кунун уюшкандыкта өткөрүү | июнь | Жооптуу кызматкерлер |
3.10 | Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк майрамын белгилөө | август | Жооптуу кызматкерлер |
3.11 | 1-Октябрь улгайгандардын күнүн белгилөө | октябрь | Жооптуу кызматкерлер |
3.12 | Мугалимдердин кесиптик майрамын уюштуруп өткөрүү | октябрь | Жооптуу кызматкерлер |
3.13 | «Жылдын мыкты мугалими» кароо – сынагын өткөрүү | ноябрь | Жооптуу кызматкерлер |
3.14 | Окуучулардын предметтик олимпиадасын өткөруу | ноябрь | Жооптуу кызматкерлер |
3.15 | 10-ноябрь бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнө карата «Жаштар биздин келечегибиз» аттуу тегерек стол өткөрүү . | ноябрь | Жооптуу кызматкерлер |
3.16 | 3-декабрь майыптардын бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата майыптарга көмөктөшүү, жардам берүү иштерин уюштуруу | декабрь | Жооптуу кызматкерлер Айыл башчылары |
|
| ||
4.1 | Жеңилдик алуучуларды мыйзамда көрсөтүлгөн жеңилдиктердин жана компенсациялардын бардык түрлөрү менен өз убагында жана толук камсыздандырууга жетишүү | дайыма | Акматов Р. Айыл башчылары |
4.2 | Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн аймагындагы социалдык обьекттерди кезектеги ремонттон өткөрүү | дайыма | Жооптуу кызматкерлер |
| 5.Эл чарбалыгына байланышкан иш чаралар | ||
5.1 | Жазгы талаа жумуштарынын башталышына карата айыл чарба техникаларын ремонттоо, алардын даярдыктарын камсыздоо жана айдоо аянттардын даярдыктарына анализ жүргүзүү | февраль | Турдуев Б. Жооптуу кызматкерлер |
5.2 | Жазгы талаа жумуштары үчүн күйүүчү майлоочу каражаттар , Запастык бөлүктөр, урук, жер семирткичтер жана башка керектелүүчү каражаттардын эсебин тактоо жана аларды камсыз кылуу боюнча тиешелүү чараларды көрүү | Март айына чейин | Турдуев Б. Айыл башчылар |
5.3 | Айыл өкмөтүнүн аймагындагы ветеринардык кызмат көрсөтүү жана вет сервистердин иштерин көзөмөлдөп туру | 1-квартал |
Акматов И. |
5.4 | Жеке ишерлерге көмөк көрсөтүү | дайыма | Жооптуу кызматкерлер |
5.5 | Жазгы талаа жумуштарына даярдык көрүү үчүн жана ички чарба каналдарын тазалоо жана ремонттоо иштерин жүргүзүү жана көзөмөлдөө | Март айына чейин | Турдуев Б.. Айыл башчылар |
5.6 | Жаздык дан эгиндерин себүү , аларды азыктандыруунун жүрүшүн көзөмөлдөө жана маалымат берип туру | 1-квартал | Турдуев Б. Айыл башчылар |
5.7 | Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн аймагындагы чакан жана орто ишканалардын эсебин тактоо менен бирге, ишмердигин анализдеп чыгууга жетишүү | дайыма | Салык кызматкерлери |
5.8 | Айыл өкмөтү менен мамлекеттик эмес уюмдардын ортосундагы байланыштарды чыңдоо боюнча иш алып бару | дайыма | Жооптуу кызматкерлер |
5.9 | Ак-Татыр айыл өкмөтүнө караштуу соц обьектилерди көмүр менен камсыз кылуу | дайыма | Сапарова Б |
5.10 | Калктын электр энергияга болгон карызын кыскартуу боюнча иш алып баруу | дайыма | Сапарова Б |
5.11 | Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар» №54 Жарлыгы жөнүндө | дайыма | Айыл башчылар, Айтемиров.А, Үсөнов. А, Мазеитов. М |