Редакцияот 31.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Татыр айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

 

2024-жылдын 31-январы №12

Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алуу жөнүндө

КР Баткен областы Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын 2021-жылдын 23-июнундагы №186б сандуу буйругун Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесине ылайык, , Ак-Татыр айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу  комиссиясы 2024-жылдын 29-январындагы отурумунун  №1 протоколун  угуп жана талкуулап чыгып  Ак-Татыр  айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын  кезектеги VIII сессиясы Токтом кылат

 

  

1.  Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн батыш тарабынан “Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы  жерлер” категориясына  которулган  50 гектар жер аянтын, Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн аймагында өнөр жай багытындагы ишканаларды куруу максатында, Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын.

  1. Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы К. Нурмаматовго жүктөлсүн.

3.     Ушул  токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы, Ак-Татыр айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жана комиссия төрагасы Дурусбек Жангировго жүктөлсүн.

 

Төрага:

 

Ысаков С.Б.