Редакцияот 31.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Татыр айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

 

2024-жылдын 31-январы № 1

Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Ак-Татыр айылындагы эски мазарды колдонуудан чыгаруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесине ылайык, Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысы К.Нурмаматовдун билдирүүсүн, Ак-Татыр айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектуура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу  комиссиясы 2024-жылдын 29-январындагы отурумунун  №1 протоколун  угуп жана талкуулап чыгып  Ак-Татыр  айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын  кезектеги VIII сессиясы Токтом кылат

 

  

  1. Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Ак-Татыр айылынын чыгыш тарабында элүү жылдан бери колдонулбай келген эски мазарды, колдонуудан чыгарууга макулдук берилсин.
  1. Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы К. Нурмаматовго жүктөлсүн.

3.     Ушул  токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы, Ак-Татыр айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектуура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жана комиссия төрагасы Нарзилла уулу Мунарбекке жүктөлсүн.

 

 

Төрага:

 

Ысаков С.Б.