ЧОЛПОН-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чолпон-Ата шаардык кенешинин XXХ чакырылышынын
кезексиз XXX сессиясы
2023-жылдын 30-ноябры № 30/30-2
Атайын техникаларды лизингке алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 мыйзамынын 34-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 78-беренесинин негизинде, Чолпон-Ата шаардык мэриясынын 2023-жылдын 28-ноябрындагы №01-1/10/4938 иш кагазын, Чолпон-Ата шаардык Кеңешинин “Бюджет, финансы, экономика жана инвестиция тартуу боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун чечимин карап чыгып, маселени талкуулап Чолпон-Ата шаардык Кеңеши.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Чолпон-Ата шаардык Кеңешинин 2023-жылдын 31-октябрындагы №30/28-2 “Атайын техниканы лизинг аркылуу жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылоо жөнүндө” токтому жокко чыгарылсын.
2.Чолпон-Ата шаарынын «Тазалык-Чолпон-Ата» муниципалдык ишканасына “Айыл банк”ААК аркылуу МАЗ 5907С2-012 артынан жүктөөчү таштанды чыгаруучу автоунаа баасы 6 600 000 (алты миллион алты жүз миң сом) жана МАЗ-5902С2-310 капталынан жүктөлүүчү таштанды чыгаруучу автоунаа баасы 6 950 000 (алты миллион тогуз жүз элүү миң сом) 18% менен 5 жылга 60% өздүк төлөмү менен жергиликтүү 2023-жылдын бюджетинин эсебинен лизингге алуу жагы каралсын.
3. МАЗ 5907С2-012 артынан жүктөөчү таштанды чыгаруучу автоунаа баштапкы 60% өздүк төлөмү 3960000 (үч миллион тогуз жүз алтымыш миң сом) камсыздандыруусу 5 жылга 97908 (токсон жети миң тогуз жүз сегиз сом) МАЗ-5902С2-310 капталынан жүктөлүүчү таштанды чыгаруучу авто унаа баштапкы 60% өздүк төлөмү 4170000 (төрт миллион бир жүз жетимиш миң сом) камсыздандыруусу 5 жылга 103100 (бир жүз үч миң бир жүз сом), жалпы каттоо үчүн төлөмү 13992 (он үч миң тогуз жүз токсон эки сом)
Чолпон-Ата шаардык мэриясынын ЖКХ бөлүмүнүн 31121290 “Башка унааларды сатып алуу” беренесинен каржыланып берилсин.
4.Чолпон-Ата шаарынын мэриясына жана Чолпон-Ата шаарынын «Тазалык-Чолпон-Ата» муниципалдык ишканасына “Айыл банк” ААК аркылуу МАЗ 5907С2-012 артынан жүктөөчү таштанды чыгаруучу автоунаа жана МАЗ-5902С2-310 капталынан жүктөлүүчү таштанды чыгаруучу автоунааларын лизинг аркылуу алууда, “Айыл банк” ААК менен келишимге кол коюуга жана башка аракет бөлүмдөрдү аткарууга укук берилсин.
5. Чолпон-Ата шаарынын мэриясына жана Чолпон-Ата шаарынын «Тазалык-Чолпон-Ата» муниципалдык ишканасынына “Айыл банк” ААК аркылуу МАЗ 5907С2-012 артынан жүктөөчү таштанды чыгаруучу автоунаа жана МАЗ-5902С2-310 капталынан жүктөлүүчү таштанды чыгаруучу автоунааларын лизинг аркылуу алууда, “Айыл банк” ААК алдында милдеттемелерди аткарууда тилектештик-кызматтык жоопкерчиликти алуу менен биргеликте иш алып баруу укугу берилсин.
6. Тиешелүү иш кагаздарды даярдоо, ар жыл сайын атайын техниканын пайыздык төлөмү жана лизингдин негизги каражатын, пайыздарын графиктин негизинде төлөө, “Айыл банк” ААК менен келишим түзүү, өздүк салымы катары тиешелүү төлөмдөрдү төлөп туруу жагы, Чолпон-Ата шаарынын мэриясына жана Чолпон-Ата шаарынын «Тазалык-Чолпон-Ата» муниципалдык ишканасына бирдей милдеттендирилсин.
7. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Чолпон-Ата шаарынын мэри А.Т.Турдубековго жана Чолпон-Ата шаардык мэриясынын каржы бөлүмүнүн башчысы Д.Ж.Жаманаковага милдеттендирилсин.
8. Токтом расмий маалымат каражаттарына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн облустук Юстиция башкармалыгына жиберилсин.
9. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Чолпон-Ата шаардык Кенешинин “Бюджет, финансы, экономика жана инвестиция тартуу боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага Б.Бакиров