АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Татыр айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
2024-жылдын 31-январы № 18
Ак-Татыр айыл аймагында муниципалдык объектерди атоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 25-сентябрындагы “Кыргыз Республикасынын географиялык аталыштар жөнүндө” №67 Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын географиялык объктерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө” Жобого ылайык, Ак-Татыр айылынын жашоочуларынын элдик жыйынынын 2023-жылдын 5-октябрындагы №7 протоколун, Ак-Татыр айылдык кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясы 2024-жылдын 29-январында отурумунун № 1 протоколун угуп жана талкуулап чыгып Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы Токтом кылат
- 2022-жылдын 16-сентябрындагы Тажикстандын кол салуусунда мекенибиздин тынчтыгы, бүтүндүгү үчүн эр жигиттик милдетин аткарып жатып баатырларча курман болгон прапорщик Абдисамат уулу Кулатбектин атына Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн муниципиалдык спортзалдын атын берүүгө макулдук берилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы К. Нурмаматовго жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Ак-Татыр айылдык кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жана комиссия төрагасы Дастанбек Эркиновго жүктөлсүн.
Төрага: |
Ысаков С.Б. |