Редакцияот 13.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылы 13-январы № 28-13-02

“Жер тилкенин өлчөмүн бекитүү жөнүндө”

Жер Кодексинин 18 беренесинин 3-4 пунктуна ылайык жана жер тилкенин өлчөмүн бекитүү жөнүндө сунуштарды карап чыгып, талкуулардан кийин Төш-Булак айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.              Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 1-апрелиндеги “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” № 21 Мыйзамынын 2-беренесине жана Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 291 токтому менен бекитилген “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобосуна” ылайык жер мунапыс объектисине байлаштыруу менен жер тилкенин Өлчөмү 4-15 сотых өлчөмүндө бекитилсин.

2.              Төш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы А.К. Жумашалиев керектүү документтерди даярдап аларды Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын кароосуна жиберсин.

3.              Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

 

Төраганын орун басары:

Р.К.Мураталиева