ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тогуз-Торо айылдык кеңешинин (ХХII шайланышынын) кезектеги чакырылган XXV сессиясынын
2024-жыл 12-январь №1
“Тогуз-Торо айыл аймагындагы калктын жашоо шартын ѳнүктүрүүнү уюштурууну социалдык-экономикалык пландаштыруу, калкка социалдык жана маданий кызмат кѳрсѳтүү боюнча 2023-жылдын 12 айынын жыйынтыгы жөнүндө”
Тогуз-Торо айылдык Кеңешине Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Арун уулу Темирбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Тогуз-Торо айылдык кеңешинин (ХХII шайланышынын) кезектеги чакырылган XXV сессиясы токтом кылат:
1.Тогуз-Торо айыл өкмотүнүн башчысы Арун уулу Темирбектин айылдын социалдык экономикалык абалын көтөрүү багытында 2023-жылдын 12 айында аткарган иштеринин отчету канаттандыраарлык деп табылсын.
2.Токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгынын реестрине киргизүү жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
3.Токтомду каттоодон ѳткѳрүү жана Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн http://toguz-toro-ao.org.kg расмий веб-сайтына жарыялоо жагы жооптуу катчы З.Акуновага тапгшырылсын.
Тогуз-Торо айылдык кенешинин төрагасы: |
У.Токтожумаев |