Редакцияот 07.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Татыр айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз IХ сессиясы

 

2024-жылдын 31-январы № 21

                                       Акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө    

 

Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 2021-жылдын 20-октябры № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесине ылайык, Самаркандек айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 2-мартындагы №04-27/159 сандуу чыгыш катын, Ак-Татыр айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча  туруктуу комиссиясынын отуруму № 2 протоколунда карап талкуулап чыгып Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз IX сессиясы Токтом кылат

 

 

1.    Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Ак-Татыр айылына жаңыдан ачылып жаткан Муниципалдык -Базардын ийри жана майда малдары үчүн Баткен облусун өнүктүрүү үчүн бөлүнгөн акча каражатына Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн өздүк салым катары жергиликтүү бюджетинен  800,0 (сегиз жүз) миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

  1. Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Нурмаматовго жүктөлсүн.
  1. Ушул  токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы, Ак-Татыр  айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча  туруктуу комиссияга жана айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына жүктөлсүн.

 

Төрага:

 

Ысаков С.Б.