ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тогуз-Торо айылдык кеңешинин (ХХII шайланышынын) кезектеги чакырылган XXV сессиясынын
2024-жыл 12-январь №5
“Кош-Булак айылындагы китепкананын жаңы имаратын куруу үчүн бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө”
Тогуз-Торо айылдык кеңешине Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн өкмөт башчысы Арун уулу Темирбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Тогуз-Торо айылдык кенешинин (XXII шайланышынын) кезектеги чакырылган XXV сессиясы токтом кылат:
1.Кош-Булак айылынын китепкананын жаңы имаратын куруу иштерине дем берүүчү үлүштүк гранттын эсебинен бүткөрүлүүчү долбоорго өздүк салым үчүн 2 663 823 (эки миллион алты жүз алтымыш үч миң сегиз жүз жыйырма үч) сом акча каражатын 2024-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Бюджет,экономика,муниципалдык менчик,айыл чарба,инвестиция,ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясынына жүктөлсүн.
3.Токтомду каттоодон ѳткѳрүү жана Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн http://toguz-toro-ao.org.kg расмий веб-сайтына жарыялоо жагы жооптуу катчы З.Акуновага тапшырылсын.
Тогуз-Торо айылдык кеңешинин төрагасы |
У.Токтожумаев |