ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тогуз-Торо айылдык кеңешинин (ХХII шайланышынын) кезектеги чакырылган XXV сессиясынын
2024-жыл 12-январь №7
“Иманберди уулу Иса жана Азамат уулу Калдыбай атындагы жалпы билим берүүчү орто мектептерине караштуу 250 кВт күчтүн трансформаторун Тогуз-Торо райондук РЭТ мекемесине кайтарымсыз өткөрүп берүү тууралуу”
Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Иманберди уулу Иса жана Азамат уулу Калдыбай атындагы жалпы билим берүүчү орто мектептерине караштуу трансформаторду Тогуз-Торо райондук РЭТ мекемесине өткөрүп берүү үчүн айыл өкмөтүнүн финансы–экономика бөлүмүнүн башчысы Д.Жунусованын билдирүүсүн угуп, жана талкуулап чыгып Тогуз-Торо айылдык кеңешинин (ХХII шайланышынын) кезектеги чакырылган XXV сессиясы токтом кылат:
1.Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Иманберди уулу Иса атындагы жалпы билим берүүчү орто мектептебине караштуу 92 000 ( токсон эки миң) сомдук 250 кВт күчтүн трансформатору жана Азамат уулу Калдыбай атындагы жалпы билим берүүчү орто мектептебине караштуу 96 000 (токсон алты миң) сомдук 160 кВт күчтүн трансформатору кайтарымсыз Тогуз-Торо райондук РЭТ мекемесине ткөрүлүп берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышын жана чыгымдалуучу акча каражаттарды көзөмөлгө алуу айылдык кенештин “Бюджет,экономика,муниципалдык менчик,айыл чарба,инвестиция,ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Тилемамбетовго жана айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Д.Жунусовага тапшырылсын.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Тогуз-Торо айылдык кеңешинин төрагасы |
У.Токтожумаев |