ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тогуз-Торо айылдык кеңешинин (ХХII шайланышынын) кезектеги чакырылган XXV сессиясынын
2024-жыл 12-январь №8
“
“Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2023-жылдагы аткарган иштерине баа берүү жана жөнүндө 2024-бюджетин, иш планын бекитүү жөнүндө”
Тогуз-Торо айылдык кеңешине Жайыт пайдаланучулар бирикмесинин төргасы Рыскул уулу Алтынбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Тогуз-Торо айылдык кенешинин (ХХII шайланышынын) кезектеги XXV сессиясы токтом кылат:
1.Малдын башына алынуучу салык айылдык кеӊештин көпчүлүк депутаттын колдоосу менен бодо, жылкы малга жан башына 75 сомдон, кой-эчкиге 15 сомдон болуп бекитилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Тогуз-Торо айылдык кеңешинин бюджет, экономика,мунципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
3.Токтомду каттоодон ѳткѳрүү жана Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн http://toguz-toro-ao.org.kg расмий веб-сайтына жарыялоо жагы жооптуу катчы З.Акуновага тапгшырылсын.
Тогуз-Торо айылдык кеңешинин төрагасы |
У.Токтожумаев |