ТОГОЛОК МОЛДО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Тоголок-Молдо айылдык кеңешинин депутаттарынын VII чакырылышынынм XI кезексиз сессиясы
2024-жылдын 12-марты № 11/1
Тоголок-Молдо айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн акча каражатын кароо жөнүндө
Тоголок-Молдо айыл аймагынын айыл өкмөтүнө тиешелүү акча каражатын бөлдүрүп берүү боюнча депутаттардын Тоголок-Молдо айылдык кеңешине келип түшкөн кайрылуусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодекси “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык, депутаттардын” Тоголок-Молдо айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Тоголок-Молдо айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Ийгиликтүү аймак” муниципалдык ишкана ачуу менен “Айыл Банк” ААК-нан 6 жылдык мөөнөткө 17 % менен 1 даана эксковатор баасы 13184945 (он үч миллион бир жүз сексен төрт миң тогуз жүз кырк беш) сомго техника алынсын. Тоголок-Молдо айыл өкмөтүнүн 2024-жылга бегиленген жергиликтүү бюджетинен 3639735 (үч миллион алты жүз отуз тогуз миң жети жүз отуз беш) сом акча каражаты лизинг алуудагы 30% болгон өздүк салымга жумшалсын. Алынуучу техниканы камсыздандыруу үчүн 185 000 (жүз сексен беш миң) сом жана техникалардын иш кагаздарын каттатууга жана алып келүүгө. Тоголок-Молдо айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Ийгиликтүү аймак” муниципалдык ишканасынын “Айыл Банк” ААКсы тарабынан ачылган өздүк эсебине 8345600 (сегиз миллион үч жүз кырк беш миң алты жүз) сом которулуп берилсин.
2. Айыл чарба техниканы алуу жагы “Ийгиликтүү аймак” муниципалдык ишканасы жана Тоголок-Молдо айыл өкмөтү аркылуу жүргүзүлсүн.
3. Лизингдин өздүк салымы төлөнгөндөн кийинки бөлүгүн 17% пайыздан алынган (насыяны) баардык каражаттрын төлөө жагы “Ийгиликтүү аймак” муниципалдык ишканасынын бюджетинен жана Тоголок-Молдо айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен жүргүзүлсүн жана эки тарапка өз убагында бул милдеттенмени аткарууга бирдей милдеттендирилсин.
4. Лизинге алынган техникалар милдеттүү түрдө мамлекеттик камсыздандыруудан өткөрүлсүн жана камсыздандырууга кеткен акча каражаты өздүк салымдан жумшалсын.
5. Лизинге айыл чарба техникасын алууда “Ийгиликтүү аймак” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Эралиев Тилеген Кемелкановичке “ААК Айыл Банк” менен кредиттик жана кепилдик келишимдерге андан сырткары баардык тиешелүү документтерге ишкананын атынан кол коюу укугун жана башка лизинге тиешелүү иш-чараларга иш алып барууга “Ийгиликтүү аймак” муниципалдык ишканасынын счетундагы акча каржаттарды пайдаланууга которуу, алуу жана башка банктан операцияларды жүргүзүүгө, финансылык иш кагаздарга кол коюу менен укук берилсин.
6. “Ийгиликтүү аймак” муниципалдык ишканасына алынган техника Тоголок-Молдо айыл өкмөтүнүн балансына алынсын, техникалардын оперативдүү башкаруусу “Ийгиликтүү аймак” муниципалдык ишканасына берилсин.
7. “Ийгиликтүү аймак” муниципалдык ишканасына техника алууга алынган кредит төлөнгөндөн кийин ишкананын тапкан пайдасынын эсебинен Тоголок-Молдо айыл өкмөтүнүн инфраструктурасын өнүктүрүүгө каражаттар которулуп турсун.
8. Бул токтомдун аткаруу жагы Тогголок-Молдо айыл өкмөт башчысы Абдылдаев Алмаз Орозбековичке жана башкы бухгалтер Чоробек кызы Албинага милдеттендирилсин.
9. Бул токтомду көзөмөлгө алуу жагы Тоголок-Молдо айылдык кеңешинин бюджеттик жана финансылык тармактык маселелер боюнча комиссиянын төрагасы Касмалиев Семетей Муканбетовичке тапшырылсын.
10. Жогорудагы токтом Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодекси, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарына ылайык туура кабыл алынды.
Төрага | Ж. Турдубеков |