ТОШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылы 20-январы № 28-14/09
Төш-Булак айыл аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты жана тартипти сактоо эрежелерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы ПЖ № 305 “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”, “Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө”, “Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана Төш-Булак айыл аймагында санитардык тазалоо жана көрктөндүрүү иш-чараларды эффективдүү уюштуруу максатында, Төш-Булак айылдык Кеңеш,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Төш-Булак айыл аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты жана тартипти сактоо Эрежелерин» , № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул “Төш-Булак айыл аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты жана тартипти сактоо Эрежелери» массалык маалымат каражаттарында жарыялансын.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын укуктук нормативдик актылар реестрине киргизүү үчүн Юстиция Министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төраганын орун басары | Р.К. Мураталиева |