ЧОЛПОН-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чолпон-Ата шаардык кенешинин XXХ чакырылышынын
кезексиз XXX сессиясы
2023-жылдын 30-ноябры № 30/30-4
“Мейдж.Ик” ЖЧКнын уставдык капиталындагы 100 пайыз үлүшүн муниципалдык менчикке ѳткѳзүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳгү” мыйзамынын 27-беренесинин 10-пункту парктардын, спорттук курулмалардын жана эс алуу жайларынын иштешин камсыз кылуу, бош убакытты уюштуруу үчүн шарттарды түзүү, Кыргыз Республикасынын “Мүлккѳ муниципалдык менчик” мыйзамынын 6,19-беренелерин жетекчиликке алып, муниципалдык менчикти башкаруу жана тескөө чөйрөсүндөгү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясынын негизинде, Чолпон-Ата шаардык мэриясынын 2023-жылдын 24-ноябрындагы №01-1/11/1723 иш кагазын , Чолпон-Ата шаардык кеңешинин “Экология , курулуш, транспорт, жер маселелери жана жеке ишкер боюнча” жана “Бюджет, финансы, экономика жана инвестиция тартуу боюнча” туруктуу комиссияларынын 2023-жылдын 28-ноябрындагы биргелешкен отурумунун чечимин карап чыгып, талкуулап Чолпон-Ата шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чолпон-Ата шаарынын борбордук паркынын аймагында орун алган “Мейдж.Ик” жоопкерчилиги чектелген коомдун уставдык капиталындагы 100 пайыз үлүшүн, Чолпон-Ата шаарынын муниципалдык менчигине ѳткѳзүп алууга макулдук берилсин.
2. Токтом расмий маалымат каражаттарына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн облустук Юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чолпон-Ата шаардык кеңешинин “ Экология , курулуш, транспорт, жер маселелери жана жеке ишкер боюнча” туруктуу комиссиясына жүктѳлсүн.
Төрага Б.Бакиров